# 16-берене. Маалыматтарды топтоо боюнча ыйгарым укуктар

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 16-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-16

---

1. Эгерде улуттук статистика тутумунда маалыматтардын жетиштүү көлөмү жок болсо жана улуттук статистика тутумуна кирбеген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган колдонуудагы маалымат булактарынан маалыматтарды алууга мүмкүн болбосо, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр, кесиптик түшүнүктөргө негизденип, маалымат булактарын тандоого жана расмий статистиканы жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды респонденттерден түздөн-түз топтоону жүзөгө ашырууга укуктуу.

Расалык таандыктыгы, дин тутуу, саясий көз караштары жөнүндө маалыматтарды жана жарандардын жеке жашоосундагы жашыруун сырларды бузуучу маалыматтарды камтыган статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө алардын макулдугу менен гана жол берилет.

2. Маалыматтарды топтоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат:

1) расмий статистиканын сапат критерийлерин сактоону;

2) маалыматтарды топтоо жана иштетүү боюнча чыгымдарды;

3) респонденттерге келтирилген жүктөмдү.

3. Топтоонун усулдарына жана анын булактарына карабастан, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан чогулган маалыматтар ушул Мыйзамдын жоболоруна толугу менен ылайыкташтырылып иштелип чыгат, сакталат жана жайылтылат.

4. Маалыматтарды топтоонун кайталанышына жол бербөө жана расмий статистиканын сапатын жакшыртуу максатында расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр, ушул Мыйзамдын 21-27-беренелерине ылайык, улуттук статистика тутумундагы маалыматтарды жана метамаалыматтарды алмаштыра алышат.

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-151)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-17)
