# 15-берене. Статистикалык иштердин планы

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929#diff=9007..56756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 15-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-15

---

1. Статистикалык иштердин планы расмий статистика чөйрөсүндөгү операциялык пландоонун негизги документи болуп саналат.

2. Статистикалык иштердин планы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) статистикалык байкоолордун, изилдөөлөрдүн, экономикалык жана ресурстук баланстардын тизмегин;

2) жыйынтыктоочу статистикалык көрсөткүчтөрдүн жана статистикалык продукциянын тизмегин;

3) маалыматтарды берүү мөөнөттөрүн жана статистикалык маалыматты жайылтуу мөөнөттөрүн;

4) расмий статистиканы жоопкерчиликтүү жүргүзүүчүлөрдү;

5) колдонулган маалымат булактарын, анын ичинде административдик маалыматтарды.

3. Статистикалык иштердин планы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Статистикалык иштердин планына өзгөртүүлөр Улуттук статистика комитетинин демилгеси боюнча статистикалык, анын ичинде статистикалык көрсөткүчтөрдү, усулдарды жана маалымат булактарын актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилет.

5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана административдик маалыматтарды башка жеткирип берүүчүлөр Улуттук статистика комитетине маалыматтарды Статистикалык иштердин планында каралган тартипте, көлөмдө, форматтарда, ошондой эле мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.

6. Статистикалык иштердин планын даярдоо, макулдашуу, бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-14)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-151)
