# 13-берене. Расмий статистиканы пландоо

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929#diff=9007..56756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 13-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-13

---

1. Расмий статистиканы пландоо төмөнкүдөй документтердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1) Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын;

2) Статистикалык иштердин планынын;

3) Улуттук статистика комитетинин статистикалык иштеринин графигинин.

2. Расмий статистиканы пландоо документтери стратегиялык жана операциялык башкарууну, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн ишин координациялоону, статистикалык иштердин макулдашылгандыгын камсыз кылат, ошондой эле расмий статистиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктайт.

3. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы орто мөөнөттүү мезгилге улуттук статистика тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт.

4. Статистикалык иштердин планы статистикалык байкоолордун, изилдөөлөрдүн, статистикалык көрсөткүчтөрдүн, статистикалык продукциянын, маалымат булактарынын тизмегин, расмий статистикалык маалыматтарды берүү жана жайылтуу мөөнөттөрүн, ошондой эле расмий статистиканы жоопкерчиликтүү жүргүзүүчүлөрдү аныктайт.

5. Улуттук статистика комитетинин статистикалык иштеринин графиги Улуттук статистика комитети тарабынан жүзөгө ашырылуучу статистикалык иштерди аткаруунун, расмий статистикалык маалыматты даярдоонун жана жайылтуунун мөөнөттөрүн аныктайт.

6. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын жана Статистикалык иштердин планынын долбоорлору Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыгат жана Статистика боюнча кеңешке кароо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн жиберилет.

7. Улуттук банкына тиешелүү расмий статистиканы пландоо документтеринин пункттары Статистика боюнча кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн гана берилет.

8. Статистикалык иштердин планына киргизилбеген статистикалык иш-чаралар кошумча каржылоонун булактары болгондо аткарылат.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-14)
