# 10-берене. Статистика боюнча кеңеш

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111929/edition/1220351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111929/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө, 10-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-10

---

1. Статистика боюнча кеңеш расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө стратегиялык мүнөздөгү сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча иш-милдетти жүзөгө ашыруучу консультативдик кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

2. Статистика боюнча кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

3. Статистика боюнча кеңештин курамы Улуттук статистика комитетинин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

Статистика боюнча кеңештин курамына ар түрдүү категориядагы пайдалануучулардын өкүлдөрү кирет. Мамлекеттик сектордун өкүлдөрү Статистика боюнча кеңештин көпчүлүгүн түзбөөгө тийиш.

4. Статистика боюнча кеңештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) Улуттук статистика комитетине расмий статистиканы стратегиялык өнүктүрүү, ошондой эле статистикалык программаларга коомдун биринчи кезектеги маалыматтык керектөөлөрүн кошуу боюнча сунуштарды киргизүү;

2) статистикалык программалардын аткарылышын баалоо жана стратегиялык өнүгүү боюнча иштин аткарылышына мониторингди жүзөгө ашыруу;

3) расмий статистиканын принциптеринин сакталышын баалоо;

4) Статистика боюнча кеңештин иш регламентин кабыл алуу.

5. Статистика боюнча кеңеш жыл сайын өз иши жөнүндө ачык отчет берет.

6. Статистика боюнча кеңеш улуттук статистика тутумунун алкагында статистиканын айрым тармактарына, иштин багыттарына же түзүмдүк бөлүмдөрүнө карата статистикалык маалыматтардын сапатына жана алардын расмий статистиканын принциптерине ылайык келишине көз карандысыз тышкы баалоо жүргүзүүнү демилгелей алат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111929/st-11)
