# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111927)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 апреля 2026 года № 44 "О племенном деле в животноводстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044182)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111927/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2729/edition/955892/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111927/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (07.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111927/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 355-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Геномдук селекция - бул гендердин варианттары менен чарбалык-пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланыштуулукту табууга жана азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берген дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлеринин жардамы менен малды гендик типтештирүү. Дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлери - бул ар кандай жандыктардын, породалардын, сорттордун, линиялардын гендик типтерин салыштырууда белгилүү бир ген үчүн же хромосомдун башка кандай болбосун участогу үчүн молекулалык биологиянын ыкмасы менен дезоксирибонуклеин кычкылдыктарынын нуклеотиддик ырааттуулугунун деңгээлинде аныкталуучу полиморфтук белги.";

2) 2-берененин 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- асылдандыруу иши жаатында илимдин жетишкендиктерин практикага киргизүү, аларды асылдандыруу ишинин субъектилеринин арасында пропагандалоо;";

3) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-берене. Асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо Асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111927/st-2)
