# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111926)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111926/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2728/edition/1120310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111926/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111926/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 239-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Салык төлөөчү тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба канаттуулары жана балыктар, айыл чарба канаттууларын жана балыктарды көбөйтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүсү үчүн тоюттарды беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.";

2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 281-1-берене менен толукталсын:

"281-1-берене. Айрым субъекттерге импортко КНСтин суммасынын ордун толтуруунун жана/же кайра кайтаруунун өзгөчөлүктөрү

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ТНВЭДдин товардык позициялары боюнча өндүрүү үчүн чийки затты алып келүүдө төлөнүүчү импортко КНСтин суммасы төмөнкүлөргө бюджеттен орду толтурулууга жана/же кайра кайтарылууга тийиш:

1) айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүсүнө;

2) айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү үчүн тоюттарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырып жаткан салык төлөөчүгө.

2. Импортко КНСтин суммасын кайра кайтаруу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чийки затты салык төлөөчү иш жүзүндө пайдаланууну документ аркылуу тастыктаган шартта айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн жүзөгө ашырылат.

3. Ушул беренеде каралган импортко КНСтин суммасын кайра кайтаруу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111926/st-2)
