# 1-берене

- Документ: [Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111925)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 1-июлундагы № 78 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111925/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2727/edition/1277047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111925/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111925/st-1

---

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ар бир жарандын мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алуусунун милдеттүүлүгү жана акысыздыгы;";

2) 16-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жалпы башталгыч билим берүү, жалпы негизги билим берүү, орто жалпы билим берүү Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү билим берүү деңгээлдери болуп саналат. Мамлекет жарандардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында акысыз орто жалпы билим алууга болгон укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылат.";

б) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жалпы негизги билим алган адамдар орто жалпы билим берүү программасы боюнча окууну улантууну каалабаган учурда, башталгыч кесиптик же орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга милдеттүү.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111925/st-2)
