Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ар бир жарандын мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алуусунун милдеттүүлүгү жана акысыздыгы;";
2) 16-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жалпы башталгыч билим берүү, жалпы негизги билим берүү, орто жалпы билим берүү Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү билим берүү деңгээлдери болуп саналат. Мамлекет жарандардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында акысыз орто жалпы билим алууга болгон укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылат.";
б) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жалпы негизги билим алган адамдар орто жалпы билим берүү программасы боюнча окууну улантууну каалабаган учурда, башталгыч кесиптик же орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга милдеттүү.".
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111925/st-1" title="1-берене - Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>