# КР 2019-жылдын 27-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 27-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111924>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2726/edition/1103180/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 27-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111924

---

КР 2021-жылдын 15-ноябрндагы № 137 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 27-июну № 77 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 30-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111924/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Судьянын кызматын ээлеп турган Кеңештин мүчөсү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат жана анын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат. Кеңеште иштөө мезгилинде судьянын кызматын ээлеп турган анын мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат. Судьянын кызматын ээлеп турбаган Кеңештин мүчөсүнө шайланган учурдан тартып ай сайын материалдык сыйакы төлөнөт. Материалдык сыйакы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө, ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";

2) 22-берененин 2-1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111924/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 2-июлундагы N 55 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
