# 1-берене

- Документ: [Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111921)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 20-июнундагы № 74 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111921/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2723/edition/954113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111921/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (20.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111921/st-1

---

"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1040-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-берененин 4-бөлүгүндө:

а) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) төмөнкүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү:

а) имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчеттордун;

б) имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча сертификацияланган адистердин.

Ушул пунктта каралган мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;";

б) 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 7-беренеде:

а) "Имараттарды" деген сөз "1. Имараттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында адистерди квалификациялык сертификациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";

3) 8-беренеде:

а) "Имараттардын" деген сөз "1. Имараттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111921/st-2)
