1-берене
Күчүндө · 20.06.2019 редакциясы
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1040-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 4-бөлүгүндө:
а) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) төмөнкүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү:
а) имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчеттордун;
б) имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча сертификацияланган адистердин.
Ушул пунктта каралган мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;";
б) 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 7-беренеде:
а) "Имараттарды" деген сөз "1. Имараттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында адистерди квалификациялык сертификациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
3) 8-беренеде:
а) "Имараттардын" деген сөз "1. Имараттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
Берененин тексти 20.06.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндөЗакон · 26.07.2011 · № 137
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111921/st-1" title="1-берене - Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>