# КР 2019-жылдын 20-июнундагы № 74 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 20-июнундагы № 74 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111921>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2723/edition/954113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111921.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 20-июнундагы № 74 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (20.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111921

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 20-июну № 74 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 16-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111921/st-1)

"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1040-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-берененин 4-бөлүгүндө:

а) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) төмөнкүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү:

а) имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчеттордун;

б) имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча сертификацияланган адистердин.

Ушул пунктта каралган мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;";

б) 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 7-беренеде:

а) "Имараттарды" деген сөз "1. Имараттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында адистерди квалификациялык сертификациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";

3) 8-беренеде:

а) "Имараттардын" деген сөз "1. Имараттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111921/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-июнундагы N 53 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
