# КР 2019-жылдын 14-июнундагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 14-июнундагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2722/edition/1120306/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 14-июнундагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111919

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 14-июну № 72 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2019-жылдын 8-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111919/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 197-беренеде:

а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "197-берене. Инновациялык ишке кеткен чыгашалар боюнча чыгарып салуулар. Жер казынасынын жакырланышына жеңилдик";

б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Салык төлөөчүнүн инновациялык ишке чыгашалары чыгарып салууга жатат. Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:

1) илимий-изилдөө иштери;

2) тажрыйба-конструктордук иштер;

3) долбоордук-изилдөө иштери;

4) илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер;

5) колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер;

6) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111919/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
