# 8-берене. Ички аскерлердин укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111917)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917#diff=1220225..1220226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2720/edition/1220225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111917/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө, 8-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-8

---

Ички аскерлер өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, Ички аскерлердин өз милдеттерин аткаруусуна тоскоол болгон иш-аракеттерди токтотууну талап кылууга. Мыйзамдуу талаптарды аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган мажбурлоо чараларын колдонууга;

2) кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого шектелгенде жеке адамдардын алардын инсандыгын ырастаган документтерин текшерүүгө;

3) тергөө өкүлдөрү келгенге чейин кылмыштардын издеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча жазык-процесстик мыйзамдарда каралган зарыл чараларды көрүүгө;

4) кылмыштарды, жана укук бузууларды жасаган же аларды жасоо үчүн кол салган адамдарды ички иштер органдарына жеткирүүгө;

5) кайтарылуучу, массалык иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлердин кире беришинде (өтүүчү жолдо) жеке адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын жана алып өтүүчү жүктөрүн текшерүүгө, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен текшерүү жүргүзүүгө;

6) Ички аскерлер тарабынан кайтарылуучу объекттерде белгиленген эрежелерди бузган транспорт каражаттарын, сууда жүрүүчү каражаттарды (кемелерди) текшерүү жүргүзүүгө;

7) мыйзамдарда каралган негиздер болгондо жарандарга таандык турак жайларга жана башка жайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймактарына жана жайларына (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүн кошпогондо) тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмышкерди кармоо, адамдын өмүрүн, ден соолугун же мүлкүн сактоо максатында карап чыгууга.

Ички аскерлердин аскер кызматчылары анда жашаган жарандардын эркине каршы турак жайга кирген жана менчикте же башка укукта турган башка объекттерге кирген иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш. Ушул пунктта белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;

8) эгерде жеке адамдардын жүрүүсү адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, менчик объекттерге коркунуч келтирсе, уюмдардын ишин бузса, транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тоскоол болсо, ошондой эле тергөө иш-аракеттерин, атайын тергөө иш-аракеттерин жана массалык иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылган учурларда, жеке адамдардын турак жайларга, белгилүү бир жерлерге жеткиликтүүлүгүн жана болуусун убактылуу чектөөгө, тыюу салууга;

9) кайтаруудагы аймактарга укукка каршы ыкма менен кирген адамдардын изине түшкөндө, камактан качкан адамдарды жана кылмыштарды жасоого шектелген (айыпталган) адамдарды издөөдө, ошондой эле массалык баш аламандыктарды жана коомдук тартипти топтошуп бузууларды токтотууда райондорду, өзүнчө курулмаларды жана объекттерди курчоого алууга (тосмолоого);

10) өзгөчө кырдаалдарда жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо максатында көчөлөрдө жана жолдордо транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына убактылуу тыюу салууга же чектөөгө, аларды текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

11) жеке жана юридикалык жактардан мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, баңги заттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, ошондой эле тыюу салынган буюмдарды жана заттарды белгиленген тартипте алып коюуга;

12) Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын пайдалануусу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан алууга;

13) коменданттык сааттын режимин бузган жарандарды ал аяктаганга чейин, ал эми жанында алардын инсандыгын ырастаган документтери жок адамдарды инсандыгы белгиленгенге чейин, бирок өзгөчө абал жана согуштук абал жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөн ашык эмес кармоого;

14) чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;

15) Ички аскерлердин иши тууралуу маселелер боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;

16) кызматтык милдеттерин аткарууда шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун (жеңил таксиден тышкары) бардык түрлөрүн бекер пайдаланууга;

17) аларга карата кабыл алынуучу чечимдерге жана аракеттерге жогору турган кызмат адамына, прокуратурага же сотко даттанууга.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-9)
