# 7-берене. Ички аскерлердин милдеттүүлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111917)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2720/edition/1220225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111917/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө, 7-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-7

---

Ички аскерлер өз компетенциясынын чегинде төмөнкү милдеттүүлүктөргө ээ:

1) адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин укукка каршы кол салуулардан коргоого;

2) стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтарууну камсыз кылууга;

3) кайгуул-күзөт кызматын өтөө жолу менен, анын ичинен массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоого катышууга;

4) жарандык коргонуу иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө белгиленген тартипте катышууга;

5) массалык башаламандыктарды жана топтошкон баш ийбестиктерди токтотууга белгиленген тартипте катышууга;

6) терроризмге каршы операцияларды жана коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө белгиленген тартипте катышууга;

7) аймактык коргоого, ошондой эле өзгөчө жана согуштук абалдын укуктук режимдерин камсыз кылууга белгиленген тартипте катышууга;

8) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга, ошондой эле ошол аймакта коомдук тартипти камсыз кылууга белгиленген тартипте катышууга;

9) карантиндик, санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларга белгиленген тартипте катышууга.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-8)
