7-берене. Ички аскерлердин милдеттүүлүктөрү
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы · 1-глава
Ички аскерлер өз компетенциясынын чегинде төмөнкү милдеттүүлүктөргө ээ:
1) адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин укукка каршы кол салуулардан коргоого;
2) стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтарууну камсыз кылууга;
3) кайгуул-күзөт кызматын өтөө жолу менен, анын ичинен массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоого катышууга;
4) жарандык коргонуу иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө белгиленген тартипте катышууга;
5) массалык башаламандыктарды жана топтошкон баш ийбестиктерди токтотууга белгиленген тартипте катышууга;
6) терроризмге каршы операцияларды жана коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө белгиленген тартипте катышууга;
7) аймактык коргоого, ошондой эле өзгөчө жана согуштук абалдын укуктук режимдерин камсыз кылууга белгиленген тартипте катышууга;
8) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга, ошондой эле ошол аймакта коомдук тартипти камсыз кылууга белгиленген тартипте катышууга;
9) карантиндик, санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларга белгиленген тартипте катышууга.
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111917/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>