# 6-берене. Ички аскерлердин жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111917)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2720/edition/1220225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111917/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө, 6-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-6

---

1. Ички аскерлер адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, алардын жарандыгына, социалдык, мүлктүк жана башка абалына, жынысына, расалык жана улуттук таандыгына, жаш курагына, билимине, тилине, жашаган жерине, диний жана башка ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыгына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, кылмыштуу жана башка укукка каршы кол салуулардан коргошот.

2. Ички аскерлер тарабынан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган негизде жана тартипте жол берилет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-7)
