# 23-берене. Ички аскерлерди материалдык-техникалык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111917)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917#diff=1220225..1220226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2720/edition/1220225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111917/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө, 23-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-23

---

1. Ички аскерлерди материалдык-техникалык камсыз кылуунун ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Ички аскерлер курал-жарак, автомобиль, бронетанкалык жана башка аскер техникасы, материалдык каражаттар менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери үчүн белгиленген тартипте жана ченемдер боюнча камсыз кылынат.

3. Стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча милдеттерди аткарган аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) өздүк курамын, курал-жарактарын, техникасын жана аскердик-техникалык мүлкүн жайгаштыруу үчүн имараттар жана курулмалар Ички аскерлер объекттерин кайтарган министрликтер жана ведомстволор (мекемелер) тарабынан бөлүнүп берилет же тургузулат.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-24)
