# 21-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонуунун шарттары жана чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111917)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917#diff=1220225..1220226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2720/edition/1220225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111917/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө, 21-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-21

---

1. Ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонууга укуктуу.

2. Кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана аскер техникасы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө, коргоо, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзам актыларында жана ушул Мыйзамда каралган учурларда түзүлгөн кырдаалга жараша колдонулат. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонууга чейин, кечиктирүү адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келтирген же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, булар каршы колдонулуп жаткан адамга карата аларды колдонуу ниети жөнүндө так жана ачык-айкын эскертүү жасалуусу керек.

3. Ички аскерлердин аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчылары куралы, атайын каражаттары, ошондой эле курал-жарактары жана аскер техникасы жок болгон же аларды колдонууга мүмкүн болбогондо, зарыл коргонуу же аргасыз зарылчылык түзүлгөн абалда коомдук кооптуу кол салууларга кайра сокку берүү үчүн колунда бар каражаттарды пайдаланууга укуктуу.

4. Эгерде кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонуудан качууга мүмкүн болбогон учурда, Ички аскерлердин аскер кызматчылары жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө жана алардын ден соолугуна, ар-намысына, аброюна жана мүлкүнө мүмкүн болушунча аз зыян келтирүүгө умтулууга, ошондой эле жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

5. Ички аскерлердин аскер кызматчысы кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонгон ар бир учур тууралуу аны колдонгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн кызмат өтөгөн жери же болбосо колдонгон жери боюнча түздөн-түз командирине рапорт берүүгө милдеттүү.

6. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын өз ыйгарым укуктарынан ашыра колдонуусу Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-22)
