Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонуунун шарттары жана чектери
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы · 5-глава
1. Ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонууга укуктуу.
2. Кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана аскер техникасы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө, коргоо, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзам актыларында жана ушул Мыйзамда каралган учурларда түзүлгөн кырдаалга жараша колдонулат. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонууга чейин, кечиктирүү адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келтирген же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, булар каршы колдонулуп жаткан адамга карата аларды колдонуу ниети жөнүндө так жана ачык-айкын эскертүү жасалуусу керек.
3. Ички аскерлердин аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчылары куралы, атайын каражаттары, ошондой эле курал-жарактары жана аскер техникасы жок болгон же аларды колдонууга мүмкүн болбогондо, зарыл коргонуу же аргасыз зарылчылык түзүлгөн абалда коомдук кооптуу кол салууларга кайра сокку берүү үчүн колунда бар каражаттарды пайдаланууга укуктуу.
4. Эгерде кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонуудан качууга мүмкүн болбогон учурда, Ички аскерлердин аскер кызматчылары жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө жана алардын ден соолугуна, ар-намысына, аброюна жана мүлкүнө мүмкүн болушунча аз зыян келтирүүгө умтулууга, ошондой эле жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
5. Ички аскерлердин аскер кызматчысы кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонгон ар бир учур тууралуу аны колдонгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн кызмат өтөгөн жери же болбосо колдонгон жери боюнча түздөн-түз командирине рапорт берүүгө милдеттүү.
6. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын өз ыйгарым укуктарынан ашыра колдонуусу Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111917/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>