# 19-берене. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын статусунун жана алардын аскердик кызматтын милдеттерин аткаруусунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111917)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917#diff=1220225..1220226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2720/edition/1220225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111917/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө, 19-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-19

---

1. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам жана аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.

Ички аскерлердин аскер кызматчыларына алар ички иштер органдарынын милдеттерин аткарууда ички иштер органдарынын кызматчысынын статусу жайылтылат.

2. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызматтык милдеттери жана аларды аткаруу тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актылары менен аныкталат.

3. Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Ички аскерлердин аскер кызматчылары бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турушат.

4. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кароолдун, аскердик кезметтин курамында, ошондой эле Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартылган аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) курамында аскердик кызматтын милдеттерин аткаруусу күжүрмөн нөөмөт өтөө болуп саналат.

Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын күжүрмөн нөөмөт өтөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

5. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптары кызмат адамдарынын, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкын статусуна ээ адамдардын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.

6. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, ошондой эле Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

7. Ушул Мыйзам менен түз ыйгарым укук берилген адамдардан тышкары, Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу иш-аракеттерине эч кимдин кийлигишүүгө укугу жок.

8. Ушул Мыйзамда белгиленген Ички аскерлерде аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү жана аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча социалдык укуктар жана жеңилдиктер менен компенсацияланат.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-20)
