19-берене. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын статусунун жана алардын аскердик кызматтын милдеттерин аткаруусунун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы · 4-глава
1. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам жана аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларына алар ички иштер органдарынын милдеттерин аткарууда ички иштер органдарынын кызматчысынын статусу жайылтылат.
2. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызматтык милдеттери жана аларды аткаруу тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актылары менен аныкталат.
3. Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Ички аскерлердин аскер кызматчылары бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турушат.
4. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кароолдун, аскердик кезметтин курамында, ошондой эле Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартылган аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) курамында аскердик кызматтын милдеттерин аткаруусу күжүрмөн нөөмөт өтөө болуп саналат.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын күжүрмөн нөөмөт өтөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптары кызмат адамдарынын, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкын статусуна ээ адамдардын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, ошондой эле Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
7. Ушул Мыйзам менен түз ыйгарым укук берилген адамдардан тышкары, Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу иш-аракеттерине эч кимдин кийлигишүүгө укугу жок.
8. Ушул Мыйзамда белгиленген Ички аскерлерде аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү жана аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча социалдык укуктар жана жеңилдиктер менен компенсацияланат.
(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"Редакцияларды салыштыруу
25.11.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам жана алынып салынды: колдонуудагы кошулду: аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларына алар … күжүрмөн нөөмөт өтөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын … тоскоолдук кылган башка иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын кошулду: кылмыш-жаза мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
7. Ушул Мыйзам … өтөөнүн өзгөчөлүктөрү жана аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги алынып салынды: колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча социалдык укуктар жана жеңилдиктер менен компенсацияланат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111917/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>