# 17-берене. Ички аскерлердин кадрлары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111917)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2720/edition/1220225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111917/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө, 17-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-17

---

1. Ички аскерлердин кадрлары аскер кызматчыларынан жана жарандык персоналдын адамдарынан турат.

Ички аскерлердин кызматкерлери аскер кызматчыларынын статусуна ээ.

2. Ички аскерлерде аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын аскердик наамдары, айырмалоочу белгилери жана алар үчүн белгиленген кийим формасы бар. Аларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө шарттарын регламенттеген ченемдик укуктук актылардын колдонулушу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарынын жана ушул Мыйзамдын талаптары жайылтылат.

3. Ички аскерлердин жарандык персоналынын эмгек иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-18)
