# 15-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана уюмдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111917)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2720/edition/1220225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111917/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө, 15-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-15

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) өз компетенциясынын чегинде ведомстволук караштуулуктагы аймакта Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунуштарын кароого катышат.

2) Ички аскерлердин бөлүкчөлөрү өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча милдеттерди жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткарган учурда, ведомстволук караштуулуктагы аймакта өздүк курамды жайгаштыруу үчүн орундар менен бекер камсыз кылат, азык-түлүк, транспорт, медициналык, коммуналдык жана башка зарыл кызмат көрсөтүүлөр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштурат.

2. Мамлекеттик органдар жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана алардын кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде Ички аскерлердин аскер кызматчыларына өз кызматтык милдеттерин аткаруусуна көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар же өзгөчө абалды киргизүү шарттарында Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда башкаруу үчүн бекер байланыш линияларын жана каналдарын беришет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-16)
