# 12-берене. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111917)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917#diff=1220225..1220226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2720/edition/1220225/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111917/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө, 12-берене (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-12

---

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри:

1) Ички аскерлердин кызматтык-күжүрмөн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

2) Ички аскерлердин ишинин маселелери боюнча ведомстволук актыларды чыгарат;

3) белгиленген штаттык сандын чегинде Ички аскерлердин түзүмүн жана жайгашуусун аныктайт;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна Ички аскерлердин жалпы санын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизет;

5) Ички аскерлерди дайыма күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоо боюнча чараларды көрөт, аларды кызматтык-күжүрмөн колдонуу боюнча документтерди бекитет;

6) аскердик кызматка чакырууну жана Ички аскерлердин катарынан мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын бошотууну уюштурууга Ички аскерлердин катышуусун камсыз кылат;

7) Кыргыз Республикасынын Президентине Ички аскерлердин аскер кызматчыларына жогорку аскердик наамдарды ыйгарууга сунуштарды киргизет;

8) Кыргыз Республикасынын Президентине Ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана жарандык персонал адамдарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштарды киргизет;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ички аскерлердин командачысынын кызматына дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ички аскерлердин командачысынын кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштаманы киргизет;

10) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына ылайык Ички аскерлердин аскер кызматчыларына тартиптик жаза-чараларды салат;

11) Ички аскерлердин командачысынын орун басарларын, Ички аскерлердин бөлүктөрүнүн командирлерин кызмат орундарына дайындайт жана кызмат орундарынан бошотот, Ички аскерлердин офицерлерин кызматтан бошотот, офицердик курамдын биринчи аскердик наамын жана "подполковник", "полковник" аскердик наамдарын ыйгарат;

12) Ички аскерлердин Командачылыгынын штаттык санын, аскер кызматчыларынын жүктөмүнүн ченемдерин, штаттык ченемдерин, Ички аскерлердин кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111917/st-13)
