12-берене. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы · 2-глава
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри:
1) Ички аскерлердин кызматтык-күжүрмөн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
2) Ички аскерлердин ишинин маселелери боюнча ведомстволук актыларды чыгарат;
3) белгиленген штаттык сандын чегинде Ички аскерлердин түзүмүн жана жайгашуусун аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна Ички аскерлердин жалпы санын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
5) Ички аскерлерди дайыма күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоо боюнча чараларды көрөт, аларды кызматтык-күжүрмөн колдонуу боюнча документтерди бекитет;
6) аскердик кызматка чакырууну жана Ички аскерлердин катарынан мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын бошотууну уюштурууга Ички аскерлердин катышуусун камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентине Ички аскерлердин аскер кызматчыларына жогорку аскердик наамдарды ыйгарууга сунуштарды киргизет;
8) Кыргыз Республикасынын Президентине Ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана жарандык персонал адамдарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштарды киргизет;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ички аскерлердин командачысынын кызматына дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ички аскерлердин командачысынын кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштаманы киргизет;
10) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына ылайык Ички аскерлердин аскер кызматчыларына тартиптик жаза-чараларды салат;
11) Ички аскерлердин командачысынын орун басарларын, Ички аскерлердин бөлүктөрүнүн командирлерин кызмат орундарына дайындайт жана кызмат орундарынан бошотот, Ички аскерлердин офицерлерин кызматтан бошотот, офицердик курамдын биринчи аскердик наамын жана "подполковник", "полковник" аскердик наамдарын ыйгарат;
12) Ички аскерлердин Командачылыгынын штаттык санын, аскер кызматчыларынын жүктөмүнүн ченемдерин, штаттык ченемдерин, Ички аскерлердин кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет.
(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"Редакцияларды салыштыруу
25.11.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түзүмүн жана жайгашуусун аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин кароосуна Ички аскерлердин жалпы санын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды … менен сыйлоого сунуштарды киргизет;
9) Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Премьер-министрине кошулду: Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ички аскерлердин командачысынын кызматына дайындоо үчүн талапкерди … "полковник" аскердик наамдарын ыйгарат;
12) Ички аскерлердин алынып салынды: командачылыгынын кошулду: Командачылыгынын штаттык санын, аскер кызматчыларынын жүктөмүнүн ченемдерин, штаттык ченемдерин, Ички аскерлердин кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет.
кошулду: (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111917/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>