1-берене
Күчүндө · 03.06.2019 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 2-бөлүгүндө "жана уюмдары" деген сөздөр ", уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-статья менен толукталсын:
"5-1-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерине жетекчилик кылуу жана алар менен өз ара аракеттенүү Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери менен өз ара аракетте аткарат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин курамы жана ишин уюштуруу "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. Аскерлерге жетекчилик кылууну Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, ал эми түздөн-түз башкарууну Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы жүзөгө ашырат. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын башчылары өз компетенциясынын чегинде ведомстволук аймакта жайгаштырылган жана коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин бөлүмдөрүнө жана бөлүктөрүнө карата улук ыкчам башчылар болуп саналат.".
Берененин тексти 03.06.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндөЗакон · 03.06.2019 · № 70
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111916/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>