# 2-берене

- Документ: [Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111913)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 18-майындагы № 66 "Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111913/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2716/edition/948719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111913/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (18.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111913/st-2

---

"Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-статьяда:

а) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жекече турак үйдүн долбоорунун;";

б) төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

в) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- долбоордук-сметалык документтердин экспертизасынын оң корутундусунун.";

2) 11-статьянын 1-бөлүгүндө "уруксат" деген сөз алып салынсын;

3) 21-статьяда:

а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Пайдаланууга киргизилүүчү жекече турак үйдүн ылайыктуулугун баалоо";

б) 1-бөлүгүндө "Курулган" деген сөз "Пайдаланууга киргизилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 3-бөлүгүндө "курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 5-бөлүгүндө "Курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111913/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111913/st-3)
