1-берене
Күчүндө · 18.05.2019 редакциясы
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-статьяда:
а) 1-пункттун экинчи абзацы "калкты" деген сөздөн кийин ", ошондой эле өнөр жай объекттерин" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул статьянын 3-1-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, аймакты инженердик даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганга чейин, инженердик камсыз кылуу жана транспорттун жалпы системасынын айрым бөлүктөрүнүн кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон участокко келүүчү жолдорду салуу, магистралдык-инженердик тармактарды жайгаштыруу боюнча иштер аяктаганга чейин бөлүнгөн участокто шаар куруу комплексин курууну баштоого жол берилбейт.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Өнөр жай объекттерин куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезектүүлүгүн эске алуу менен, долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жолу менен курулуш долбоорлорунун негизинде жүргүзүлөт.";
2) 29-статьянын үчүнчү абзацында "тиешелүү уруксатысыз" деген сөздөр "долбоордук-сметалык документтердин экспертизасынын он корутундулары болмоюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 36-статьяда:
а) 3-пунктунда "курулушка уруксат берилгени жана ал берилген мөөнөтү" деген сөздөр "долбоордук-сметалык документтердин экспертизасынын он корутундусунун бар экендиги жана ал берилген дата" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пунктунда "Курулуш ниетин ишке ашырууга жер участогун же белгиленген тартипти бузуу менен курулуш иштерине уруксат" деген сөздөр "Жер участогун жана курулуш ниетин ишке ашыруу үчүн документтерди белгиленген тартипти бузуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 39-статьянын 2-пунктунда "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы жекече турак жай курулушу чөйрөсүндөгү мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 41-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41-статья. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо
1. Ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, курулган объект техникалык регламенттердин талаптарына, ал эми алар күчүнө киргенге чейин - башка ченемдик укуктук актыларга жана долбоордук-сметалык документтерге ылайыктуулугу бааланууга тийиш.
Баалоону жүргүзүүнүн тартиби, ылайыктуулугу бааланууга тийиш болгон объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Пайдаланууга киргизилүүчү жеке турак жай курулуш объекттин ылайыктуулугун баалоо менчик ээси тарабынан ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат, мында объекттин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси тартат, ал объекттин техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө кабарландырууну архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү. Эгерде объектти куруу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылса, кабарландырууга объекттин менчик ээси менен подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү тиркелет.
4. Шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин курууда пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо капиталдык курулуштун ар бир объектти боюнча өзүнчө жүзөгө ашырылат.
Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга жол берилбейт.";
6) 45-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) жыйырма биринчи абзацында "өзгөртүү" деген сөз "өз алдынча өзгөртүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 74-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу-архитектура ишине чет өлкөлүк фирмалардын, уюмдардын жана чет өлкөлүк жарандардын катышуусу Кыргыз Республикасынын лицензия-уруксат берүү системасынын чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.".
Берененин тексти 18.05.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111913/st-1" title="1-берене - Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>