# 7-берене. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111912)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 18-майындагы № 65 "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 66 "Об органическом производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2715/edition/1239231/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111912/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө, 7-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-7

---

1. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоо чарбалык иштердин ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн талаптарына ылайыктуулугун айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр тарабынан ыктыярдуу тастыктоо жол-жобосунан турат.

Сертификаттоодон органикалык продукциялардын зоналары катары аныкталган аймактар же айыл өкмөттөрү эмес, органикалык айыл чарба продукциялары гана өтөт.

2. Сертификаттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоо боюнча иш атайын аккредитациялык органдын уруксатын алган юридикалык жактар (анын ичинде коомдук уюмдар, ассоциациялар) тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-8)
