# 5-берене. Айыл чарбасын органикалык жүргүзүүгө өтүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111912)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 18-майындагы № 65 "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 66 "Об органическом производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2715/edition/1239231/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111912/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө, 5-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-5

---

1. Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Айыл чарбасын органикалык жүргүзүүгө өтүүдө төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:

1) өткөөл мезгил ичинде органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде, стандарттарында жана ченемдеринде, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте белгиленген бардык эрежелер колдонулат;

2) органикалык айыл чарба өндүрүшүн жарым-жартылай жүргүзүүдө жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнө жарым-жартылай өтүү абалында, органикалык өндүрүлгөн продукцияны жана өткөөл мезгилде өндүрүлгөн продукцияны сактоо, ошондой эле жаныбарларды кармоо бөлөк-бөлөк жүзөгө ашырылууга тийиш;

3) өткөөл мезгилде өндүрүлгөн продукция, статусун тастыктаган сертификатка ылайык, тийиштүү өткөөл мезгилдин продукциясы катары сатылат жана маркаланат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-6)
