5-берене. Айыл чарбасын органикалык жүргүзүүгө өтүүнүн шарттары
Күчүн жоготкон · 23.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 66.
1. Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Айыл чарбасын органикалык жүргүзүүгө өтүүдө төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:
1) өткөөл мезгил ичинде органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде, стандарттарында жана ченемдеринде, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте белгиленген бардык эрежелер колдонулат;
2) органикалык айыл чарба өндүрүшүн жарым-жартылай жүргүзүүдө жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнө жарым-жартылай өтүү абалында, органикалык өндүрүлгөн продукцияны жана өткөөл мезгилде өндүрүлгөн продукцияны сактоо, ошондой эле жаныбарларды кармоо бөлөк-бөлөк жүзөгө ашырылууга тийиш;
3) өткөөл мезгилде өндүрүлгөн продукция, статусун тастыктаган сертификатка ылайык, тийиштүү өткөөл мезгилдин продукциясы катары сатылат жана маркаланат.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүнүн эрежелери (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин…Правила · 05.10.2020 · № 2-дп
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым…Постановление · 09.07.2020 · № 371 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111912/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>