# 4-берене. Органикалык айыл чарба продукциясынын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111912)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 18-майындагы № 65 "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 66 "Об органическом производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/112544)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2715/edition/1239231/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111912/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө, 4-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-4

---

1. Ушул Мыйзам менен органикалык айыл чарба продукциясынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:

1) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу айыл чарба продукциясы;

2) тамак-аш азыктары же тоют катары керектөө үчүн арналган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мал чарбасынын, аквакультуранын баштапкы кайра иштетилген азыктары;

3) тоюттар (тоют азыктары);

4) тигилүүчү жана себилүүчү өсүмдүк материалы;

5) тамак-аш азыктары же тоют катары пайдаланылуучу ачыткылар;

6) аквакультуранын объекттери.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган органикалык продукциянын түрлөрү ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериши керек.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111912/st-5)
