# 10-берене

- Документ: [Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111911)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 17-майындагы № 64 "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111911/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2714/edition/1274555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111911/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 10-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111911/st-10

---

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджеттин кирешесине 500 эсептик көрсөткүч суммасында акчалай салым төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана андан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 34-берененин 5-бөлүгүндө:

а) биринчи абзацында "райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине" деген сөздөр "республикалык бюджеттин кирешесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 38-берененин 6-бөлүгүндө "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атайын каражаттарынын" деген сөздөр "республикалык бюджеттин каражаттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111911/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111911/st-11)
