10-берене
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджеттин кирешесине 500 эсептик көрсөткүч суммасында акчалай салым төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана андан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 34-берененин 5-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацында "райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине" деген сөздөр "республикалык бюджеттин кирешесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 38-берененин 6-бөлүгүндө "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын атайын каражаттарынын" деген сөздөр "республикалык бюджеттин каражаттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111911/st-10" title="10-берене - Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>