# КР 2019-жылдын 17-майындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 17-майындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111910>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2713/edition/948725/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111910.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 17-майындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (17.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111910

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 17-майы № 63 Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2019-жылдын 11-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111910/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы; 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 234-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 408-берененин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-пунктунун 3-5-пунктчаларынын" деген сөздөр "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 114-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-7-пункттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111910/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
