# 99-берене. Бажы декларациясын берүүгө байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 99-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-99

---

1. Товарларга бажы декларациясы бажы декларациясын кабыл алууга ыйгарым укуктуу бажы органына берилиши мүмкүн. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы мыйзамдарынын сакталышын контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналган учурда гана товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн белгилүү бир бажы органдарын белгилөөгө укуктуу. Мында соода жана транспорт уюмдарынын кызыкчылыктары эске алынууга тийиш.

2. Эгерде товарлардын декларациясын толтурууга негиз болгон айрым документтерди товарлардын декларациясы менен бир убакта берүүгө мүмкүн болбосо, декларанттын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органдары мындай документтерди товарлар чыгарып берилгенден кийин, ушул Мыйзамдын 109-беренесинде белгиленген мөөнөттө берүүгө жазуу жүзүндө уруксат берет.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-100)
