# 97-берене. Товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 97-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-97

---

1. Товарларды убактылуу сактоо жана товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары Кодекстин 16-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Товарларды убактылуу сактоочу жерлер ушул Мыйзамдын 125-беренесине ылайык түзүлгөн бажы контролунун туруктуу жана убактылуу зонасы болуп саналат.

3. Товарларды чыгарып бергенге чейин аларды сактоочу жер өзгөргөн учурлар, товарларды башка жерде убактылуу сактоого уруксат берүү шарттары жана тартиби, анын ичинде бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыздоо талаптары, ошондой эле товарларды убактылуу сактоочу кампаларга жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге жайгаштырууда бажы органына документтерди жана маалыматтарды берүү тартиби, товарларды убактылуу сактоочу кампаларга (кампалардан) жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге (жерлерден) жайгаштыруунун (чыгаруунун) тартиби, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө Жобо (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-98)
