# 95-берене. Товарларды бажы аймагына алып келүүгө, товарларды бажы аймагынан алып кетүүгө байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289610..40641>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 95-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-95

---

1. Ташуучу бажы аймагына товарлардын алып келингендиги жөнүндө, товарларды ташуу жүзөгө ашырылып жаткан транспорттун түрүнө жараша, Кодекстин 89-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берүү жолу менен же болбосо электрондук документ түрүндө алдын ала берилген маалыматтын каттоо номери тууралуу маалыматты камтыган документтерди берүү жолу менен, бажы органына төмөнкүдөй мөөнөттөрдө кабарлоого милдеттүү:

1) автомобиль транспорту менен ташылып келген товарларга карата - товарлар жеткирилүүчү жерге келген учурдан тартып бир сааттын ичинде, ап эми товарлар бажы органынын иш убактысынан башка учурда жеткирилгенде - бажы органы ишин баштаган учурдан тартып бир сааттын ичинде;

2) аба же темир жол транспорту аркылуу ташылып келген товарларга карата - эл аралык ташууну жүзөгө ашырууда аэропорттун же темир жол станциясынын технологиялык процессинде (графигинде) белгиленген убакыттын ичинде же болбосо мындай аэропорттун же темир жол станциясынын ишинин аймагында жайгашкан бажы органы менен макулдашылган башка мөөнөттүн ичинде.

2. Товарлар бажы аймагына алып келингенде же бажы аймагынан алып кетилгенде Кодекстин 89-беренесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар ташуучунун атынан бажы органына бажы өкүлдөрү тарабынан же ташуучунун тапшырмасы боюнча иштеп жаткан башка жактар тарабынан берилиши мүмкүн.

Товарлардын бажы аймагынан алып кетилүүсүнө байланышкан бажы операциялары Кодекстин 15-главасына ылайык жүргүзүлөт.

3. Товарлардын бажы аймагына алып келинүүсү жөнүндө кабарламанын датасын жана убактысын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте бажы органы тастыктайт.

4. Ташуучу же Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн башка жактар товарлардын алып келингени жөнүндө кабар берилген учурдан тартып бажы органынын жумуш убактысындагы үч сааттын ичинде төмөнкүлөр менен байланышкан бажы операцияларынын бирин жүргүзүүгө милдеттүү:

1) товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга;

2) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте товарларды ташып келинген жеринен убактылуу сактоочу жайга чейин ташып жеткирүүгө (транспорттоого);

3) товарларды бажылык декларациялоого;

4) товарларды порттогу эркин экономикалык зонанын (мындан ары - ЭЭЗ) же логистикалык ЭЭЗ аймагындагы эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырууга;

5) товарларды Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгууга.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболору Кодекстин 88-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата колдонулбайт.

6. Бажы органы ушул берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө бажы декларациясын каттаган учурда, Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактар товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын төмөнкүлөрдү алган учурдан тартып бажы органынын жумуш убактысындагы үч сааттын ичинде жүргүзүүгө милдеттүү:

1) Кодекстин 113-беренесине ылайык, бажы декларациясын чакыртып алууга бажы органынын уруксатын;

2) Кодекстин 119-беренесинин 4-8-пункттарына ылайык, товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө бажы органынын чечимин;

3) Кодекстин 124-беренесине ылайык, товарларды чыгарып берүүнү токтотуп туруу жөнүндө бажы органынын чечимин;

4) Кодекстин 125-беренесине ылайык, товарларды чыгарып берүүдөн баш тартууну.

Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын жүйөлүү суроо-талабы боюнча, товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүгө бир жумушчу күндөн ашпаган башка мөөнөт бажы органы тарабынан белгилениши мүмкүн жана (же) ушул беренеде көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккандан кийин башка бажы операцияларын жүргүзүү каралышы мүмкүн.

7. Ташып келинген жеринде убактылуу сактоого жайгаштырылган товарлар ошол жердеги убактылуу сактоочу жайларда же ушул Мыйзамда жана (же) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган учурларда - убактылуу сактоочу башка жайларда сакталат.

Эгерде чет өлкөлүк товарларды убактылуу сактоо ташып келинген жерде жайгашпаган убактылуу сактоочу жайда жүргүзүлө турган болсо, чет өлкөлүк товарларды ташып келинген жерден мындай убактылуу сактоочу жайга чейин ташуу бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык же болбосо бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк товарларды ташып келинген жерден мындай убактылуу сактоочу жайга чейин бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырбастан ташуу учурлары жана тартиби, ошондой эле документтин формасы жана аны толтуруу тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172, 2025-жылдын 6-ноябрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-96)
