# 92-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл документтер жана (же) маалыматтар

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 92-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-92

---

1. Кодексте белгиленген жактар бажы операцияларын жүргүзүү үчүн Кодекске ылайык зарыл документтерди жана (же) маалыматтарды бажы органына берүүгө милдеттүү.

Бажы органдары Кодексте аныкталган жактардан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн, алардан сакталышын контролдоо бажы органдарына жүктөлгөн жана аларды берүү Кодексте каралган зарыл документтерди жана (же) маалыматтарды гана берүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы органдарына зарыл документтер жөнүндө маалыматтар жана (же) алардагы маалыматтар жана башка маалыматтар бажы органдары тарабынан бажы органдарынын маалыматтык системасынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) жана өз ара маалыматтык аракеттешүүсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системасынан алына турган болсо, бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл документтер жана (же) маалыматтар аларды жүргүзүүдө бажы органына берилбеши мүмкүн.

Өз ара маалыматтык кызматташуу алкагында бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системаларынан алууга мүмкүн болгон маалыматтардын курамы жана мындай маалыматтарды алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-93)
