# 89-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 89-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-89

---

1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын кайра кайтаруунун (эсепке чегерүүнүн) жалпы жоболору, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттары кайра кайтарылуучу (эсепке чегерилүүчү) учурлар Кодекстин 76-беренесинде белгиленген.

2. Кодекстин 76-беренесинин 3-пунктунун 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары эсебине төлөнгөн бажы органына атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайра кайтарууга (эсепке чегерүүгө) алып келүүчү жагдайлар келип чыккандыгына ырастоо берилгенде жүргүзүлөт.

3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, ошондой эле атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтарууга карата ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жана мөөнөттө, Бирлик жөнүндө келишимдин жана Кодекстин жоболорун эске алуу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-90)
