# 87-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтү, тартиби, аларды төлөө мөөнөтүн өзгөртүү, туумдарды эсептөө, төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 87-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-87

---

1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, анын ичинде бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүдө төлөө мөөнөтү, аларды төлөө тартиби Кодекстин 74-беренесинде белгиленген.

2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө түрүндө өзгөртүүгө болбойт.

3. Төлөөчү Кодексте белгиленген мөөнөттө атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда туум төлөнөт.

4. Аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарга карата туумдарды эсептөө, төлөө жана кайра кайтаруу аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган бажы төлөмдөрүнө карата туумдарды эсептөөгө, төлөөгө жана кайтарууга карата Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-88)
