# 86-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 86-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-86

---

1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчү, Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен бирдей жоопкерчилик тартуучу жактар тарабынан аткарылат.

2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет башка жактардын аткаруу мүмкүнчүлүгү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу тартиби, ошондой эле уюм жоюлган, жеке ишкер ишин токтоткон, уюм кайра түзүлгөн учурда атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда бажы органдары атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен бирдей жоопкерчилик тартуучу жактарга ушул Мыйзамдын 54-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттө атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларынын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгү жөнүндө Кабарлама жөнөтөт.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кабарламанын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Бажы органы тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кабарлама жөнөтүлбөй турган учурлар Кодекстин 73-беренесинин 4-пунктунда белгиленген.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөндөн башка, бажы органы тарабынан Кабарлама жөнөтүлбөй турган учурлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-87)
