# 83-берене. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар боюнча өнбөс карыздарды эсептен чыгаруу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 83-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-83

---

Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча карыз төмөнкүдөй учурларда өнбөс карыз болуп таанылат:

1) бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттер аларды төлөө мөөнөтү бүткөн күндөн же болбосо жактардын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдетке алып келүүчү жагдай башталган күндөн тартып алты жылдын ичинде аткарылбаса;

2) жеке жак өлгөндө анын укук улантуучусу же мураскери болбосо;

3) жеке жак дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылса, ошондой эле анын мүлкү жок же жетишсиз болсо;

4) төлөөчү банкрот деп таанылса;

5) өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бажы алымдары, салыктар боюнча карыздар өзүнчө мыйзам менен эсептен чыгарылса.

Көрсөтүлгөн учурларда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча карыздар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте эсептен чыгарылат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-84)
