# 82-берене. Бажы төлөмдөрүн чегерүүгө тапшырмаларды аткаруу боюнча банктардын милдеттери

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 82-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-82

---

1. Банктар бажы органдарынын эсептерине бажы төлөмдөрүн чегерүүгө төлөөчүнүн тапшырмасын, ошондой эле бажы төлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерүүгө бажы органдарынын тапшырмаларын кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү.

2. Төлөөчүнүн эсебинде акчалай каражаттар болгон учурда, банктар бажы төлөмдөрүнө которуу тапшырмасын аткарууну создуктурууга укуксуз.

3. Банктар ушул беренеде каралган бажы төлөмдөрүн чегерүү боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-83)
