# 80-берене. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 80-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-80

---

1. Кабарламада белгиленген талаптар аткарылбаганда бажы органдары төлөнүүгө жатуучу бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн депозитинин эсебинен же болбосо башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.

2. Өндүрүп алууну депозиттин суммасына багыттоо бул каражаттар бажы органынын эсебинде сакталган мөөнөттүн ичинде бажы органынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Бажы органы бажы төлөмдөрүнүн суммаларын депозиттин эсебинен өндүрүп алуу жөнүндө бул каражаттарды ушул органдын эсебине которгон жакка, өндүрүп алгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.

3. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-81)
