# 8-берене. Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112646)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908#diff=1289609..1289610>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 8-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-8

---

1. Товарлар Кодекстин 7-беренесинин жана ушул берененин жоболорун эске алуу, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт жана (же) бажы жол-жоболоруна жайгаштырылат.

2. Тарифтик эмес жөнгө салуу, анын ичинде бир тараптуу тартипте киргизилген чараларды жана техникалык жөнгө салуунун чараларын Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) актылары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө сактоону ырастоо учурлары жана тартиби Бирлик жөнүндө келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Экспорттук контролдоо чараларын, анын ичинде аскердик жана (же) кош арналыштагы продукцияларга карата чараларды сактоо ушундай чаралардын сакталгандыгын ырастоочу документтерди жана (же) маалыматтарды берүү жолу менен, экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте ырасталат. Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик, фитосанитардык чаралардын жана радиациялык талаптардын сакталышы санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, радиациялык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун натыйжалары боюнча, Бирлик жөнүндө келишимде жана Комиссиянын ага ылайык кабыл алынган актыларында белгиленген тартипте жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ырасталат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-9)
