# 77-берене. Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 77-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-77

---

1. Кабарламада белгиленген талаптар Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда, ошондой эле мындай Кабарлама Кодекстин 55-беренесинин 4-пунктуна ылайык жиберилбегенде бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча чаралар көрүлөт.

2. Эгерде Кодексте жана (же) Бирлик жөнүндө келишимде башкача белгиленбесе, бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча чараларга төлөөчүнүн акча каражатынын жана (же) башка мүлкүнүн эсебинен, анын ичинде кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) жаткан бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларынын, аванстык төлөмдөрдү, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууну камсыз кылуунун, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууну камсыз кылуунун, анын ичинде генералдык камсыз кылуунун, бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттүүлүгүн аткарууну камсыз кылуунун, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттүүлүгүн аткарууну камсыз кылуунун суммаларынын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу кирет.

3. Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча чаралар көрүлбөй турган учурлар Кодекстин 68-беренесинде белгиленген.

Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу мөөнөтү товар чыгарып берилген учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.

4. Кодекстин 69-беренесинин 2 жана 3-пункттарында белгиленген учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрү товарларды чыгарып берүүнү жүзөгө ашырган бажы органы тарабынан өндүрүп алынат.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-78)
