# 76-берене. Депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 76-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-76

---

1. Эгерде депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арыз милдеттенме аткарылган күндөн кийинки күндөн тартып үч жылдын ичинде бажы органына берилсе, депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) депозит менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылган шартта жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин депозиттин талап кылынбаган суммалары республикалык бюджетке чегерилет жана кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) жатпайт.

2. Депозит, эсебине же кассасына депозиттин суммалары төлөнгөн бажы органы же болбосо аткаруу милдеттенмелери депозит менен камсыз кылынган бажы операциясы же бажы жол-жобосу аякталып жаткан бажы органы тарабынан кайра кайтарып берилет.

3. Депозит депозиттик сертификатты көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында кайра кайтарылат.

4. Эгерде депозиттин суммалары бажы органынын кассасына накталай акча түрүндө салынса, төлөөчүнүн каалоосу боюнча депозит төлөөчү көрсөткөн эсепке накталай эмес түрдө кайра кайтарылышы (эсепке чегерилиши) мүмкүн.

5. Төлөөчүдө бажы төлөмдөрүн, туумдарды же пайыздарды төлөө боюнча аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган милдет болгондо депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) ушундай аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган милдеттин өлчөмүндө жүзөгө ашырылбайт.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-77)
