# 74-берене. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруунун (эсепке чегерүүнүн) башка учурлары

- Документ: [Бажылык жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111908)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2711/edition/1289608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111908/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бажылык жөнгө салуу жөнүндө, 74-берене (06.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-74

---

1. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) төмөнкүдөй учурларда да жүргүзүлөт:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилгенде;

2) тарифтик преференциялар калыбына келтирилгенде;

3) бажы жол-жобосунун шарттарында бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнгөн суммаларын кайра кайтаруу каралганда;

4) эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы убактылуу (шарттуу) баалоодо төлөнгөн суммадан аз болсо, бажы наркы товарларды чыгарып бергенден кийин аныкталганда;

5) Бирликтин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде белгиленген учурларда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдарын, салыктарын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөн суммаларын кайра кайтарууга (эсепке чегерүүгө) алып келүүчү жагдайлар келип чыккан күндөн кийинки күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен бул жөнүндө арыз бергенде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111908/st-75)
